Новости

Индиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчисинин катчысы Г.Равиндран университеттин активисттери менен жолукту

Ош мамлекеттик университетине Индиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчисинин катчысы Г.Равиндран мырза келип, алгач ректор Каныбек Исаковдун кабыл алуусунда болду. Андан соң ОшМУнун 75 жылга чукул тарыхы камтылган музейи, автоматташытырылган электрондук башкаруу системасы, кабыл алуу процессиндеги ачык-айкындыкты камсыз кылуучу программалардын иштөө тартиби, жакында түзүлүүчү “Кыргыз-Индия IT технология борборунун” орду, ОшМУнун медицина факультетинин медициналык билим берүү базасы менен таанышып келди.

Жолугушуу андан соң чоң актылар залында улантылып анда Г.Равиндран мырза окутуучулар, университеттин активист студенттери, Индиядан келген студенттер менен да жолугушту.

Г.Равиндран мырза: “Жакында ОшМУга Индия мамлекетинин Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Джаянт Кхобрагаде мырза келип, бир катар эки мамлекеттин билим берүү тармактары, билим берүү системалары, келечекте эки өлкөнүн бул багыттагы байланыштары жөнүндө сөз кылышкан. Бүгүнкү менин иш сапарым ошол жолугушуунун уландысы катары. Мен бүгүн университеттин автоматташтырылган билим берүү ситемасы, медициналык билим берүү базалары, окуу имараттары менен таанышып студенттердин билим алуусуна түзүлүп жаткан шарттарды көрүп, жогору баа бердим”,- деп, Индия мамлекети тарабынан жарыяланган жаңы инновациялык технологиялар, англис тилинде билим берүү, маданият таануу, программалык изилдөөлөр боюнча алмашуу программалары, конкурстар боюнча маалымат берип, быйылкы окуу жылында 85 орунга конкурстук негизде кабыл алуу жүрөөрүн кошумчалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө окутуучулар, активист студенттер кызыктырган суроолорун берип, жооп алышты.

“Биздин университет көп жылдан бери Индия мамлекети менен билим берүү тармагында мобилдик алмашуу, стажировка багытында кызматташып келебиз. Быйылкы окуу жылында 2 окутуучубуз билимин өркүндөтүп келсе, жакында дагы 4 окутуучубуз жөнөп кетти. Негизинен бул программаларда англис тилин билүүсү, илимий потенциялынын жогорулугу жана жаштык өзгөчөлүгү эске алынат.

Биздин медицина факультетинде 300дөн ашуун студенттер билим алышат жана алардын келүүсү түрдүү жеке менчик ишканалар аркылуу ишке ашып келет, биз ушул нерсени бүгүн Индия элчили тарабынан уюштурулуусун сурап жатабыз. Анткени элчилик тарабынан уюштурулса алардын коопсуздугуна кам көрүлөт. Ал эми жакынкы убактарда медициналык клиникабыздын курулуш иштери бүтсө, эл аралык медициналык институтту курууну пландаштырып жатабыз” – деди.

Белгилей кетсек, ОшМУга Индия өкмөтү тарабынан бөлүнгөн 1 млн доллар гранттын алкагында университеттин математика жана информафиялык технологиялар факультетинин базасында “Кыргыз-Индия IT технология борбору” ачылуу алдында турат.

Фото: Р.Максытовдуку

16299 11:36 29-03-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|