“Бүгүн биздин тайпа ОшМУнун табият таануу жана география факультетинин базасындагы ботаникалык бактан ыйык Сулайман тоого кийиз дарагынан 15 түп, ясень дарагынан 10 түп жана ак чечек дарагынан 15 түп дарак көчөттөрүн отургуздук. Мындай иш-чарабыздын негизги максаты Ош шаарында жүрүп жаткан көрктөндүрүү ишине өз салымыбызды кошуу, Сулайман тообузду жашылдандыруу, таза экологияны сактоо. Жаштарды эмгекчилдикке тарбиялоо, биримдикке, ынтымакка чакыруу болуп саналат”,- дейт тайпанын куратору К. Самиев.
Белгилей кетсек, аталган тайпа буга чейин бир топ социалдык, коомдук иш чараларда өз активдүүлүгүн көрсөтүп келет.