Новости

Жаңылануунун жарчысы болгон-Нооруз майрамы белгиленди

20-март күнү Ош шаарынын Алымбек Датка айылында Нооруз майрамы белгиленди, майрамдык салтанатка Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев баш болгон мэриянын өкүлдөрү, Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков, ошондой эле Ош шаар тургундары, коноктору, ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышышты.

Алгач нооруз майрамына карата келген шаар тургундарына ОшМУнун “ОшМУ жазы-2014” фестивал-сынагынын гала концерти тартууланды, анда элдик театралдаштырылган чыгармалар, жандуу үн менен улуттук ырлар ырдалып, бийчилер тарабынан бий өнөрлөрү коюлуп, ар башка улуттардын ырына студенттер тарабынан даярдалган ынтымак бийи бийленди. Ошондой эле улуттук спорт оюндары болуп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылып, кечинде жаштар үчүн жалпы бий тартууланды.

Ал эми ОшМУнун медицина факультетинин жамааты тарабынан нооруздун негизги тамагы болгон сүмөлөк кайнатылып, 21-март нооруз майрамында конокторго ооз тийгизишти. ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков: “Нооруз - берекенин, сабырдуулуктун, өз ара түшүнүшүүнүн, кубанычтын, тазалануунун, мээримдүүлүктүн, үзүлбөс үмүттүн учугун улаган улуу майрам. Нооруз майрамында элибизди тынчтыкка, биримдикке, ынтымакка, эмгекчилдикке чакырган аруу каалоо тилектериңиздер ишке ашышына тилектешмин. Жамаатыбызда жаздай жаңылануу болсун, элибизде сүмөлөктөй жуурулушкан ынтымак өкүм сүрүп, жергебизден береке, токчулук кетпесин”, - деген тилегин билдирди. Ошондой эле иш-чарада, Ош шаарында мындан ары тынчтык жана өнүгүү болсун деген тилек менен салюттар атылып, каалоо тилектер айтылды.

Белгилей кетсек, Нооруз майрамына карата иш-чаралар ОшМУнун бардык факультеттеринде, коллеждеринде, лицейлеринде, жатканаларында уюштурулуп, концерттик программалар, улуттук оюндар коюлуп, сүмөлөк кайнатылды.

Фото: Р.Максытовдуку

19340 10:02 24-03-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|