Новости

ОшМУнун Enactus командасы грант утуп алды

ОшМУнун Enactus командасы 110 миң сомдук грант утуп алды. Ишкердик боюнча долбоорлор менен иштешип келген ОшМУнун студенттери “Велосипеддерди токтотуучу жайларды куруу” боюнча долбоорду ишке ашурууну башташты. Долбоорго ылайык эми Ош мамлекеттик университетинин 7 окуу корпусунда велосипеддерди токтотуучу жайлар курулут.

Долбоордун негизги максаты студенттерди сергек жашоого үндөө, үйрөтүү, экологиялык тазалыкты сактоо, шаарда авто тыгындар көбөйүп жаткан чакта ден соолукту чыңдоо менен аталган көйгөйлөрдөн арылуу болуп саналат.

Эске сала кетсек, Enactus командасы ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинин алдында уюшулган. Команда Кыргызстандагы эң алдыңкы активдүү командалардын катарында. 2012-2013-окуу жылында ОшМУнун студенттеринен куралган Enactus командасы бизнес, социалдык жана экологиялык багыттагы “Бизнестеги өспүрүмдөр”, “Экологиялык калдык”, “Конок-сервис”, “Тынчтыктын дарагы” жана “Арзан жылуулук” деген 5 алдынкы проекттерин алып чыгышкан. Ошондой эле команда 2012-жылы АКШнын Вашингтон шаарында өткөн ENACTUS-2012 Дүйнөлүк Кубогуна катышып келген.

15606 13:52 18-03-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|