Новости

ОшМУнун идеалдуу түгөйлөрү Ысык-Көлдө эс алышат

Ош шаарындагы Ош улуттук драма театрында ОшМУнун 75 жылдык мааракесине карата жана 8-март Аялдардын эл аралык майрамынын урматына тарбия департаменти, жаштар комитети жана маданий-эстетикалык борбору тарабынан уюштурулган “ОшМУнун идеалдуу түгөйү -2014” сынагы болуп өттү.

Сынакка университетинин факультеттеринен тандалып алынган сегиз түгөй катышышып, өз таланттарын, интеллектуалдык деңгээлдерин, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүп беришти.

Сынак 5 турдан туруп, анда катышуучулар «Сүйүү жана тагдыр», «Эң мыкты серенада» , «Мен сени сүйөм … » , «Кырдаалдан чыгуучу суроолор”, «Үй тапшырмасы » деген шарттарда чыгармачылык дараметин тартуулашты. “Сынакты уюштуруудагы негизги максат студент жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу, жаштардын эстетикалык табитин арттыруу, алардын сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу, таланттуу студенттердин жөндөм шыктарын өстүрүү, моралдык дем берүү, сүйүүнү, махабатты даңазалоо”- болуп саналат дейт конкурстун уюштуруучусу жаштар комитетинин төрагасы Абылкасым уулу Канатбек.

«ОшМУнун идеалдуу түгөйү -2014» номинациясынын ээлери
«ОшМУнун интеллектуалдуу түгөйү-2014» номинациясынын ээлери
«ОшМУнун таланттуу түгөйү-2014» номинациясынын ээлери
«ОшМУнун идеалдуу
түгөйү -2014»
номинациясынын ээлери
«ОшМУнун интеллектуалдуу
түгөйү-2014»
номинациясынын ээлери
«ОшМУнун таланттуу
түгөйү-2014»
номинациясынын ээлери

Сынакка КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ош облусу боюнча жетектөөчү адиси И.Эрматов, ошондой эле белгилүү ырчылар, маданият кызматкерлери калыстык кылышты.

Жыйынтыгында Искусство факультетинен катышкан Романов Имилян жана Абдирасулова Элиза “ОшМУнун идеалдуу түгөйү -2014” номинациясын жеңип алышты. Медицина факультетинин студенттери Алинбаев Бактыяр, Метин кызы Бегимай «ОшМУнун интеллектуалдуу түгөйү-2014» номинацияларына, Математика жана информациялык технологиялар факультетинин студенттери Айтбаев Сапарали, Шарапова Тансулуу «ОшМУнун таланттуу түгөйү-2014» номинацияларын жеңип алып, ОшМУнун тарбия департаменти жана Жаштар комитети тарабынан дипломдор, баалуу белектер, ошондой эле ар бир катышуучуга Ысык-Көлгө жолдонмолор тапшырылды, ал эми 1-2-орунду алган түгөйлөргө Ош шаарынын “Изюм” эс алуу жайына романтикалуу кечки тамактанууга жолдомо берилди.

Аталган сынак, 2014-жылдын 4-март күнү Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында мектеп бүтүрүүчүлөрүнө тартууланган, анда катышуучулар «ОшМУнун көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон түгөйүн» добуш берүү жолу менен тандашкан. Аталган номинацияга «ОшМУнун интеллектуалдуу түгөйү-2014» номинациясына ээ болгон Медицина факультетинен Алинбаев Бактыяр, Метин кызы Бегимай ээ болгондугу аныкталып, белектери тапшырылды.

Белгилей кетсек буга чейин “ОшМУ мырзасы - 2014” сынагы алгач Кызыл-Кыя шаарында мектеп бүтүрүүчүлөрүнө тартууланып, жыйынтыгы Ош улуттук драма театрында чыгарылган. Анда да сынактын бардык катышуучуларына уюштуруучулар тарабынан Ысык-Көлгө жолдонмолор ыйгарылган.

6329 12:00 10-03-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|