Новости

Аймактык олимпиадада байгелүү орундарды алган ОшМУнун “Билим” лицейинин окуучулары сыйланды

ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, кадрлар бөлүмүнүн башчысы Гулсара Турдубаева кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде жайгашкан тегерек залда университеттин “Билим” лицейинин окутуучулар жамааты жана окуучулары менен жолукту.

Алгач айымдардын майрамы менен куттуктаган окуу жайдын жетекчиси, ачылганына аз убакыт болгонуна карабай, эки жылдан бери шаардык, аймактык олимпиадаларда билим дараметин көрсөтүп келе жаткандыктары университет үчүн сыймык экендигин баса белгилеп өттү. “Биз бул “Билим” лицейин ачып жатып, өзгөчө айыл жергелеринен чыккан, билимге дилгир, дээринде бар, идиректүү, зирек балдарды билим алууга чакырып, улуттук нарк-насилде, ыймандуу, таза тарбия, заман талабына ылайык, сапаттуу билим берүүнү максат кылганбыз. Анткени бүгүнкү жаштар Кыргызстандын келечеги. Андыктан таза тарбияны, тунук акылды калыптандырууну ушул жаштардан башташыбыз керек. Ошол ниеттерибиз бүгүн ишке ашып, балдарыбыз өзүнүн билим дараметтерин олимпиадаларда көрсөтүп жатышат. Былтыркы жылы шаардык олимпиададан 4 орун алууга жетишсек, быйылкы жылы шаардык олимпиадага 35 окуучу катышып, алардан 27 окуучу байгелүү орундарды камсыз кылышкан. Ал эми кечээ жакында өткөн аймактык олимпиадага 20 окуучу катышып, 12си байгелүү орунга жетишсе, 3 окуучу 1-орунду алып, республикалык олимпиадага жолдонмо алып отурушат. Буйруса лицейдин келечеги кең, ар биринер маңдай тер менен гана эмгек кылып, аракет жасап, тынымсыз өзүңөрдүн үстүңөрдөн иштей берсеңер ошондо гана далай ийгиликтерди багындырасыңар”, -деди өз сөзүндө ОшМУ жетекчиси.

Жолугушуунун жүрүшүндө ректор Каныбек Исаков аймактык олимпиадада биология предмети боюнча 2 окуучусу 1-орунга жетишкен Алиева Давлатка жана география предмети боюнча 1-окуучусу 1-орунга жетишкен Тургунбаев Артурга 5 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды. Ал эми биология предметинен 1-орунду алган 11-класстын окуучусу Жумабай кызы Нуржамалга, ушул эле предметтен 1-орунду алган 10-класстын окуучусу Руслан уулу Талгатка, география предметинен 1-орунду алган 11-класстын окуучусу Исмаилов Бекболотко 3 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды. Ошондой эле ректор өзүнүн атына жазылган бир депутаттык, бир ректордук күндөлүгүн лицейде билим алып жаткан мыкты эки жигитке тапшырып, келечекте талбай эмгектенип бириң ректор, бириң депутат болгула деп бата берди. Ал эми баардык окутуучу айымдарга майрамдык белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, буга чейинки шаардык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо учурунда ректор регионалдык олимпиадада 1-орунду алган окуучуларга 3 миң сом, мугалимдерине – 5 миң сомдон сыйлык берилээри айтылган эле. Ал эми бүгүнкү жолугушууда республикалык олимпиадада 1-орунга жетишкен окуучулар келишимдик акыдан бошотулары, ал эми мугалимдери 25 000 миң сомдон сыйлык алаары белгилүү болду. Бүгүнкү күндө “Билим” лицейин педагогика илимдеринин кандидаты Кыялбек Акматов жетектеп келет.

5164 16:49 06-03-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|