Новости

ОшМУнун ректору чет өлкөдөн келген волонтер-окутуучуларды куттуктады

8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келип студенттерге билим берип жаткан волонтер-окутуучу айымдарды кабыл алып, майрам менен куттуктады.

Жашоо шарттары, маанайлары, студенттердин билим алууга болгон кызыгуусу, сунуштары боюнча сураган ректор чет өлкөлүк окутуучуларды 8-март майрамы менен куттуктап, жаштарга билим, тарбия берүүдө салымдары чоң экендигин белгилөө менен жылуу сөзүн айтып, майрамдык белектерин тартуулады.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө ОшМУда Кытай, Америка, Германия, Франция, Корея, Шведция сыяктуу мамлекеттерден келишимдин негизинде волонтер-окутуучу болуп мырзалардан сырткары он беш айым эмгектенип жатышат.


Фото: Р.Максытовдуку

5632 14:56 06-03-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|