Новости

ОшМУда айымдардын майрамы өзгөчө белгиленди

Ош мамлекеттик университетинин ректоратынын мырзалар жамааты Ош шаарындагы З.Бабур атындагы музыкалык-драма театрында 4-март күнү университеттин айымдар жамаатына майрамдык кече өткөрүштү.

Майрамга карата уюштурулган иш-чарада искусство факультетинин 3-курсунун таланттуу студенти, ОшМУнун алтын үндүү ырчы жигити Нуртилек Абдигапаровдун чыгармачылык кечеси тартыыланды. Башка концерттерден айырмаланып мында ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков башында турган ректораттын мырзалары Бабур театрынын фойесинде жандуу музыканын коштоосунда айымдарды жакшы маанайда тосуп алып, швед столунан даам сыздырып, каалоолорун айтып тосуп алып жатышты. Өзгөчө улуттук жана классикалык мүнөздөгү мыкты ырлар жандуу үн жана жандуу музыкалык аспаптардык коштоосунда ырдалганда, майрамдын күбөлөрүнүн кол чаап коштогондору токтобой, “азаматсың” деген колдоолор коштолуп турду. Концертте кыргыздын улуттук ырлары, күүлөрү менен биргеликте дүйнөлүк классикалык чыгармалар аткарылды.

Концерттин жүрүшүндө ОшМУнун ректору Каныбек Исаков “Биз бүгүн эжекелерге жагымдуу маанай тартуулоо менен күнүмдүк көйгөйлөрдөн аз да болсо арылып, классикалык чыгармаларды тартуулоону максат кылып алганбыз” – деп баардык аялзатын майрам менен куттуктап, чыгармачылык жолунда өз ордун, өз үнүн таап келе жаткан, искусство факультетинен чыккан белгилүү таланттардын көчүн улап келе жаткан Нуртилекке эмгектене бер, эмгектен качпа, али сенин талантына мындан да суктана турган күндөр алды да деп, окуу жайдын атынан акчалай сыйлык тапшырды.

Концерттин жүрүшүндө ОшМУнун ректору Каныбек Исаков ОшМУнун өсүп-өнүшүнө өз салымдарын кошкон ардагер айымдарга жеке даярдаган белектерин тапшырды. Белгилей кетсек, майрамдык кече 8-март Аялдардын эл аралык күнүнүн урматына ОшМУнун ректоратында эмгектенген мырзалар тарабынан уюштурулду. Концерттин жүрүшүндө студенттерге татыктуу тарбия, билим берүү менен университеттин өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп келе жаткан айымдарга ОшМУнун ардак громаталары, акчалай сыйлыктары тапшырылды. Концертти Маданияттын мыкты кызматкери, ОшМУнун доценти Манас Кожомжаров баш болгон ОшМУда эмгектенген окутуучулардын чыгармалары коштоду.

Фото: Р. Максытовдуку

5918 12:03 05-03-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|