Новости

ОшМУ айымдардын майрамына ыр сунат

Ош мамлекеттик университетинин Искусство факультетинин таланттуу студенти Нуртилек Абдигапаровдун 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө арналган чыгармачылык кечеси Ош шаарындагы З.Бабур атындагы музыкалык-драма театрында 4-март күнү саат 16-00до коюлат. Аталган майрамдык кече ОшМУнун ректоратынын колдоосу менен уюштурулуп, улуттук жана классикалык мүнөздөгү мыкты ырлар жандуу үн жана жандуу музыкалык аспаптардык коштоосунда болот.

“Концертке ОшМУда үзүрлүү эмгектенип жатышкан 500 айымга атайын чакыруулар берилген. Биз бүгүнкү кечеде Бабур театрында атайын швед стол жасап, келген ар бир айымга майрамдык куттуктоо айтып, көңүл буруп тосуп алабыз. Концерттин жүрүшүндө ОшМУнун ректору Каныбек Исаков ардагер айымдарга жеке даярдаган белектерин тапшырат” – деди кеченин программасы боюнча ой бөлүшкөн уюштуруучулардын бири Р.Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борбордун директору Түмөнбай Кодошов.

Белгилей кетсек, майрамдык кече 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата ОшМУнун жалпы айымдары үчүн уюштурулууда. Концерттин жүрүшүндө студенттерге татыктуу тарбия, билим берүү менен университеттин өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп келе жаткан айымдарга ОшМУнун ардак громаталары, акчалай сыйлыктар тапшырылат.

6592 12:24 04-03-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|