Новости

ОшМУда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желек күнү белгиленди

Бүгүн, 3-март күнү ОшМУда «Кыргызстанымдын желеги – жүрөгүмдө желбирейт!» аттуу мекенчилдик иш-чарасы уюштурулду.

Аталган иш-чара 2014-жыл Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылына жана 3-март Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги кабыл алынган күнүнө карата студенттерди мекенчилдикке (патриоттуулукка) тарбиялоо, жаштарга Кыргыз Республикасынын атрибуттарын таанытуу ошондой эле даңазалоо, Кыргыз Республикасынын желегине коомчулуктун көңүлүн буруу жана ага урматтоо сезимдерин калыптандыруу максатында «Кыргызстанымдын желеги – жүрөгүмдө желбирейт!» деген ураандын астында тарбия департаменти тарабынан уюштурулду. ОшМУнун ар бир факультет, коллеждеринде жана университеттин башкы имаратынын алдында 3-март күнү эрте мененки саат 8:30да жалпы салтанаттуу жыйын уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын гимни ырдалып, Кыргыз Республикасынын, ОшМУнун желеги көтөрүлдү. Андан соң Кыргыз Республикасынын желеги жөнүндө кыскача тарыхый-философиялык баяндама жасалып, куттуктоолор айтылды.

Белгилей кетсек, бул иш-чара салтка айланып ар жылы уюштурулуп келет.

5639 10:53 03-03-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|