Новости

ОшМУнун окутуучусу Түмөнбай Кодошов жеке концертин берди

Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу, маданий эстетикалык борборунун жетекчиси, обончу аткаруучу Түмөнбай Колдошов “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам” аттуу жеке концертин берди. Т. Колдошов мазмундуу, салмактуу чыгармалары менен көп жаштардын сүймөнчүлүгүнө арзып келе жаткан жаштардан. Ал бир нече жолу аймактык, республикалык конкурс, фестивалдардын жеңүүчүсү, лауреаты болгон. Кече Ош Улуттук драма театрынын залында 27-28-февраль күндөрү өттү.

Концертте сүйлөгөн сөзүндө ОшМУнун ректору Каныбек Исаков лдоо менен келечекте кыргыз маданиятына чоң таланттарды даярдайбыз деген үмүтүбүз чоң. ОшМУ ырдын пири Рыспайдан тартып нечендеген залкарларды берген окуу жай. Ал көч бүгүн да токтоп калган жок. ОшМУдан чыккан жаш таланттар Республикабызда өз ордун таап жатышат. Түмөнбай да ушундай залкар таланттардын көчүн улай турган чыгармачыл жаштардан” -деди.

Айта кетсек, аталган концерт энелердин урматына уюштурулган. Ал эми 5-март күнү ОшМУнун исскуство факультетинин студенти Абдигапар уулу Нуртилек Ош шаарындагы Бабур драма-театрында чыгармачыл концертин өткөрөт.

5474 10:54 01-03-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|