Новости

ОшМУда мырзалар сынагы жыйынтыкталды

23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата ОшМУнун студент жигиттери ортосунда «ОшМУ мырзасы – 2014» сынагы Ош улуттук драма-театрында болуп өттү. Студент-мырзалардын интеллектуалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу, жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу, эстетикалык табитин арттыруу, сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу, мекенчилдикке тарбиялоону негизги максат кылып алган сынакка университеттин факультеттеринен, колледждеринен мыкты деп тандалып алынган мырзалар катышышты.

Сынактын уюштуруучусу болгон ОшМУнун жаштар комитетинин төрагасы Абылкасым уулу Канатбек: “Жыл сайын өтүп, салт болуп калган сынагыбызда быйыл педагогика жана дене тарбия факультетинин студенти Аскарбек уулу Акжолтой «ОшМУ мырзасы – 2014» номинациясына жеңип алды. Ал эми математика жана информациялык технологиялар факультетинин студенти Осмонов Уланбек «ОшМУнун интеллектуал мырзасы-2014», искусство факультетинин студенти Кубатбек уулу Догдурбек «ОшМУнун таланттуу мырзасы-2014», Тарых-юридика факультетинен Жусупов Залкарбек “ОшМУнун күчтүү мырзасы”, Педагогика жана дене тарбия факультетинин студенти Аскарбек уулу Акжолтой “Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон мырза -2014” номинацияларына татыктуу болушту. Сынакка катышкан мырзалар Билайн компаниясынын баалуу белектери жана дипломдор менен сыйланышты, ошондой эле ар бир катышуучуга Ысык-Көлгө жолдонмолор тыпшырылды. Мен ойлойм биздин сынакка катышкан мырзаларыбыз мекендин чыныгы коргоочулары жана чыныгы мырзалар” –деди.

Белгилей кетсек, сынак алгач 20-февраль күнү кесипке багыт берүү иштеринин алкагында Кызыл-Кыя шаарындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө тартууланган.

Фото: Р.Масытовдуку

7997 10:28 27-02-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|