Новости

Стол тенниси боюнча ОшМУнун чемпинаты өтүүдө

Ош мамлекеттик университетинде 26-февраль күнү спорттун стол тенниси боюнча чемпионаты старт алды. Аталган мелдеш үч күнгө созулуп, биринчи күнү бардык факультеттердин окутуучуларынан куралган эрекектер жана аялдар командалары оюн курушса, кийинки күндөрү стдунеттердин ортосунда жана жатаканада жашаган студенттердин ортосунда уюштурулат.

Спорттук иш-чаранын ачылышына окуу жайдын ректору Каныбек Исаков баш болгон ректорат жамааты катышып, мелдештин катышуучуларына жана уюштуруучуларына ийгилик каалашты.

“Бул иш чаранын негизги максаты окуу жайдын профессордук окутуучулук курамынын, кызматкерлердин, студенттердин ден соолугун чыңдоо, аларды сергек жашоо образына калыптандыруу, жамааттагы ынтымакты, биримдикти бекемдөө болуп саналат”, -дейт стол тенниси боюнча федерациянын башчысы, ОшМУнун дистанттык окутуу жана мамлекеттик тил боюнча проректору О.Шаимкулов.

Биринчи күнкү окутуучулардын оюндарынын жыйынтыгы менен эркектер ортосунда 1-орунду ОшМУнун Өзгөндөгү медициналык колледжинин, 2-орунду ректораттын, 3-орунду теология факультетинин командалары алышса, аялдар ортосунда 1-орунду бизнес жана менеджмент факультетинин, 2-орунду табият таануу жана география факультетинин, 3-орунду медициналык колледжинин окутуучулары жеңип алышты. Белгилей кетсек, оюн үч күнгө уланып, жыйынтыктоочу бөлүгүндө жеңүүчүлөргө кубоктор, атайын баалуу белектер, акчалай сыйлыктар ыйгарылат. Ошондой эле жылдык иш-планга ылайык ар бир айда спорттун бир түрүнөн мындай чемпионаттар өтүп туруусу турулат.

Фото: Р.Максытовдуку

5674 10:09 27-02-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|