Новости

ОшМУда 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата билиярд боюнча биринчилик өткөрүлдү Ссылка на новость: //www.super.kg/kabar/news/52415/

Ош мамлекеттик университетинин профсоюз уюмунун демилгеси менен окуу жайдын окутуучу агайларынын ортосунда билиярд боюнча мелдеш 22-февраль күнү Ош шаарындагы “Эффе” бильярд клубунда уюштурулуп, ага 32 оюнчу катышышты. Мелдештин ачылышына ОшМУнун ректору К. Исаков жетектеген ректорат жамааты, профессордук-окутуучулук курам катышып, оюндун катышуучуларына ийгилик каалоо менен, университеттин жалпы агайлар жамаатын майрам менен куттуктады.

Мелдешти өткөрүүдөгү негизги максат жамаат ичинде ынтымакты чыңдап, окутуучулардын көңүлдүү эс алуусун уюштуруу, майрамдык маанай тартуулоо болуп эсептелет. “Агайларыбыздын арасында билиярд боюнча биринчиликти биз жыл сайын өткөрүп, салтка айланып калды. Билиярд бул акыл күчүн дагы, дене күчүн да талап кылган спорт түрү. Ошондуктан биз биринчиден окутуучуларга майрамдык маанай тартууласак, экинчиден ден соолук үчүн да абдан пайдалуу”, - деди иш чаранын уюштуруучусу ОшМУнун профсоюз уюмунун төрагасы Абдыжапар Аккулов.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Инвестиция жана инновация департаментинин директору, профессор Идирис Кенжаев, 2-орунду педагогика жана дене тарбия факультетинин окутуучусу Ырысмамат Райымбеков, 3-орунду физика-техника факультетинин ага окутуучусу Зарипбек Айдаров, 4-орунду медициналык колледждин окутуучусу Кубанычбек Жапаровдор ээлешип, профсоюз уюму тарабынан диплом, баалуу белектер менен сыйланышты. Ошондой эле уюштуруучулар тарабынан мелдештин күйөрмандарына жана катышуучуларына атайын түшкү тамак уюштурулуп, эстелик үчүн белектер берилди.

Белгилей кетсек, иш чара Мекен коргоочулардын күнүнүн урматына уюштурулду.


Фото: Р.Максытовдуку

4604 15:49 25-02-2014

                 

Новости

|< 182 183 184 185 186 >|