Майрамдык кечеде “ОшМУ жазы-2015” таланттуулар фестивалынын жеңүүчүлөрүнөн жана Искусство факультетинин "Жаштык" вокалдык-эстрадалык ансамблинен концерттик программа тартууланып, көрүүчүлөрдүн колдоосуна арзыды. Кесипке багыт берүү максатында бүтүрүүчүлөргө ОшМУнун “Нур” гезитинин атайын чыгарылышы таркалытылып берилди.
Белгилей кетсек, мындай иш чаралар салтка айланып ОшМУнун тарбия департаменти тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келет. Жакынкы аралыкта эле Баткен областынын жана Ноокат районунун мектеп бүтүрүүчүлөрүнө университеттин “ОшМУ мырзасы-2015”, “Идеалдуу түгөйлөр - 2015” сынактары тартууланып келген.