Новости

Кызыл-Кыя шаарында ОшМУнун күнү белгиленүүдө

Бүгүн, 20-фераль күнү ОшМУдан аттанган 40 тан ашуун делегация Кызыл-Кыя шаарына жөнөп кетти. Иш чарага ылайык Кызыл-Кыя шаарындагы маданият үйүндө уюштурулган ОшМУнун күнүндө бир нече мектеп бүтүрүүчүлөрүнө “ОшМУ мырзасы-2014” сынагы тартууланат.

“Университетибиздин 75 жылдыгына арналган иш чарабызда ОшМУ жөнүндөгү фильмдер, роликтер көрсөтүлөт, ошондой эле “Нур” гезитинин атайын чыгарылышы менен биргеликте университет жөнүндөгү маалыматтар берилет. Сынакта факультеттерден, колледждерден тандалып алынган 11 студент чыныгы мырзалык сапаттарын болочок абитуриенттердин сынына коет” - дейт сынактын уюштуруучусу болгон ОшМУнун жаштар комитетинин төрагасы Абылкасым уулу Канатбек.

ОшМУнун тарбия департаментинин директору Замирбек Божонов айтымында: “Иш чара мектеп бүтүрүүчүрөрүн кесипке багыттоо максатын көздөйт. Салтка айланып калган мындай иш чаралар ОшМУнун коомдогу кадыр-баркын жогорулатуу, бүтүрүүчүлөргө туура багытты тандоого көмөктөшүү, студент мырзалардын интеллектуалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу, жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу, сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу, мекенчилдикке тарбтиялооо максатын көздөйт”.

Көпчүлүк жаштардын кызыгуусун жараткан “ОшМУ мырзасы - 2014” сынагынын жыйынтыктоочу бөлүгү 22-февраль күнү Ош шаарындагы Ош улуттук драма театрында өтөт.

Белгилей кетсек, ОшМУнун күндөрү “ОшМУ мырзасы”, “ОшМУ периси”, “Идеялдуу түгөйлөр”, “Стилдүү студен” сыяктуу өзгөчө сынактар менен коштолуп, ар жылы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймактарында уюштурулуп келүүдө.

Фото: Р. Максытовдуку
5610 11:01 20-02-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|