Новости

ОшМУда окутуучулар ортосундагы спартакиада башталды

Кышкы каникул убагында ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда спорттун 5 түрү боюнча 27-январдан 31-январга чейинки аралыкта аялдар жана эркектер арасында спорттук мелдештер башталды. Волейбол, баскетбол, стол тенниси, тогуз коргоол жана шахмат боюнча мелдештерге окуу жайдын бардык факультетинен жана колледжинен окутуучулар катышууда. Спортчулардын жаш курагы 22 жаштан 70 жашка чейинкилерди камтыган.

Мелдештин ачылуу аземи 27-январь күнү Табият таануу факультетинин спорттук залында башталып, анда сөз сүйлөгөн ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Абдыганы Абдувалиев жалпы жамаатты ректордун атынан куттуктап “Спорт –ден соолуктун, достуктун тиреги. Бүгүнкү күндө университетте спортко өзгөчө маани берилип, шарттар жаралып жатса, ошол эле учурда ар түрдүү мелдештерде спортчуларыбыз жеңишке жетишип, университеттин намысын коргоп келүүдө. Эки жыл аралыгында университеттин командасы Республикалык Универсиадада 2-лигадан 1-лигага, 1-лигадан жогорку лигага жолдонмо алып олтурат. Бул жалпыбыздын жеңишибиз”, -деп спартакиаданын жалпы катышуучуларына ийгилик каалады.

Оюндар графикке ылайык Табиат таануу, Педагогика жана жене дене тарбия, №2 окуу корпустарында (филология факультети) жүрүп жатат.

Мелдештин жеңүүчүлөрү ректорат жана профсоюз уюму тарабынан баалуу белектер, дипломдор менен сыйланышат.

4912 11:14 28-01-2015

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|