Новости

Бүгүн КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын ОшМУда жумушчу визити менен болду

Ош мамлекеттик университетинин Медициналык клиникасынын конференц залында экс-президент Роза Отунбаева билим берүү кызматкерлери жана бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү менен жолугушту.

Жолугушуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, КР Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте ишке ашырып жаткан «Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү» долбоорунун алкагында болду.

Роза Отунбаева жайында уюштурулуп ишке ашкан «Жайлоо бала бакчалары» долбоорунда ОшМУ негизги өнөктөш катары чоң салым кошкондугун айтып, университеттин «Зирек» балдар бакчасы, ички каражаттын эсебинен курулуп, колдонууга берилген Медициналык клиникасы сыяктуу жаңы структуралар өсүп келе жаткан муундун сабаттуу, профессионалдуу болуп калыптанышына көмөк көрсөтөөрүн айтып өттү.

Жыйындын жүрүшүндө сапаттуу мектеп тамак-ашын алга илгерилетүү, жамааттык балдар бакчаларынын санын көбөйтүү жана жай мезгилинде жайлоодогу балдар бакчаларын түзүү аркылуу балдарды мектепке чейинки даярдоо менен камтууну арттыруу тууралуу кеңири пикир алышуу жүрдү.

Белгилей кетсек, экс-президент Роза Отунбаева 18-январдан 5-февралга чейин Талас, Жалал-Абад, Чүй, Ош жана Баткен облустарына иш сапары менен чыккан.

Фото: Р.Максытовдуку

4954 15:48 23-01-2015

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|