Новости

ОшМУнун ректору жамаат менен жолугушууларды улантууда

Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаков коллективдеги ой-сунуштарды, көйгөйлөрдү угуу максатында ректораттын өкүлдөрү менен биргеликте университеттин бардык факультеттеринде, колледждеринде, лицейлеринде профессордук-окутуучулук курам менен жеринде иштиктүү жолугушууларды өткөрүп жатат.

Жамаат менен жолугушууда университет жетекчиси жыл ичинде аткарылган окуу-тарбиялык, илимий-өндүрүштүк, маданий-массалык, курулуш иштери, эл аралык байланыштар боюнча отчет берди. Ошондой эле алдыда аткарылуучу иштер, университеттин перспективасы жөнүндө ой бөлүштү. Мындан сырткары ал окуу жайдын негизги миссиясы мекенин сүйгөн, тарбиялуу, ыймандуу, азыркы атаандаштыкка туруштук берген кесипкөй адистерди даярдоо экенин. Бул миссияны ишке ашырууда окуу жай ынтымактуулугу менен чоң ийгиликтерди жаратаарына баса белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө окутуучулар өздөрүнүн сунуш-пикирлерин айтып, кызыктырган суроолоруна жооп ала алышты.

Жолугушууларда жамааттын өкүлдөрү университетте жүргүзүлүп жаткан иштерде жетекчиликтин эмгеги зор экендиктерин айтышып, мындан ары да университеттин аброюнун көтөрүлүшүнө, өсүп-өнүгүшүнө биргеликте ынтымак менен аракет кылаарын билдиришти.

4859 14:40 23-01-2015

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|