Новости

ОшМУда мектеп менен ЖОЖдун байланышын чыңдоого багытталган семинарлар жүрүп жатат

Ош мамлекеттик университетинин Орус филологиясы факультетинде январь айына пландаштырылган түрдүү кызыктуу темалардагы семинарлар уюштурулууда. 20-январь күнү факультеттин чет тилдер жана маданий аралык коммуникациялар кафедрасы тарабынан университет менен мектептин байланыштарын чыңдоо максатында “Обучение английского языка как глобального” деген аталыштагы семинар уюшутурулду.

Семинарга факультеттин деканы К.Зулпукаров, декандын окуу иштери боюнча орун басары К.Абдиев, контракт жана тарбия иштери боюнча орун басары А.Алибаев, ошондой эле кафедра башчылары, окутуучулар менен биргеликте Ош шаарында жайгашкан №36 орто мектептен англис тили мугалими К.Жолдошева, №27 мектептен А.Азималиева, №38 мектептен Р.Айтиева, К.Сулаймановалар баш болгон 20 жакын окутуучулар, чет элдик студенттер, ОшМУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнөн адистер катышышты.

Семинардын жүрүшүндө чет тилдер жана маданий аралык коммуникациялар кафедрасынын усулдук бирикмесинин жетекчиси Т.Дыйканбаева англис тилин окутуудагы орчундуу маселелер, англис тилин окутууда жаңы интерактивдүү формаларды колдонуу багытында мастер-класс өткөрсө, чет тилдер жана маданий аралык коммуникациялар кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент С.Сейитбекова Кыргызстандагы билим берүү реформа көйгөйлөрүнө токтолуп, Республикалык маалыматтык-усулдук Тренер-education журналы тууралуу маалымат берди. Аны улай Казакстандагы Назарбаев университетине болгон иш сапардагы урунтуу учурлар, мектеп менен ЖОЖдун байланышы багытында жүргүзүлүп жаткан иштери боюнча семинардын катышуучулары менен ой бөлүштү. Ал эми кафедранын ага окутуучусу О.Сулайманов жаны инновациялык усулдар боюнча тажрыйба алмашты.

Жыйынтыгында семинардын катышуучулары уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдирип, мектеп менен университеттин ортосундагы байланышты жандандырууга арналган мындай семинарлар жакшы жыйынтыктарын берээрин кошумчалашты.

Белгилей кетсек, 19-январь күнү аталган факультеттин орус жана салыштырма тил илими кафедрасы тарабынан “Бакалавриат системасын окутууда силлабустардын компетенцияларын аныктоо” деген темада семинар болуп ага факультеттин бардык окутуучулар курамы катышышкан.

5739 14:29 20-01-2015

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|