Новости

ОшМУда “Санарип университет” конференциясы башталды

Ош мамлекеттик университетинде "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына" карата жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун билим берүүнү санариптештирүү боюнча сунушунун негизинде бүгүн, 17-сентябрда “Санарип университет” аталыштагы конференция уюштуруп жатат.

Иш-чарага президенттик аппараттын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев, Кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Жанна Саралаева, Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын жетекчилери катышууда.

Конференциясы ZOOM программасы аркылуу түз алып берилүүдө. https://www.facebook.com/100012960316749/videos/1004337193341615/?extid=7jt6tCMdoge3AWQz . Ош мамлекеттик университетинин "Санарип университет" аталышындагы конференциянын түз трансляциясы.

1802 10:32 17-09-2020

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|