Новости

Билим берүү жана илим министрлиги өткөргөн фестивалда ОшМУнун студенти жеңишке жетти

КРнын Билим берүү жана илим министрлиги Жеңиштин 75 жылдыгына карата өткөргөн онлайн фестивалдын жыйынтыгы чыкты.

Маалыматка ылайык Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Түрк факультетинин 1-курсунун ЖКТ(б)-1-19 тайпасынын студенти Кеңешбек кызы Уулкан мыкты монолог айткандыгы үчүн 2-орунду жеңип, планшет утуп алды.

Ал эми 50 студент катышкандыгы үчүн жана чыгармачылыгын көрсөткөндүгү үчүн дипломдор менен сыйланды. Бул тууралуу министр онлайн акыркы коңгуроо аземинде жарыялады.

Кеңешбек кызы Уулкандын окууларына ийгилик, чыгармачылык эргүү каалайбыз! Ийгилигин кут болсун!

Видео ушул шитемеде: https://www.youtube.com/watch?v=UXjejP9P_AE&feature=youtu.be

1922 14:58 01-06-2020

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|