Кеченин жүрүшүндө уюштуруучулар тарабынан лотерея ойнотулуп, баш байгеге акыркы үлгүдөгү түстүү телевизор, баалуу белектер коюлду. Ошондой эле уюштуруучулар тарабынан “Мыкты карновалдык кийим, “Кеченин мыкты бийчиси”, “Кеченин ханышасы”, “Кеченин мырзасы”, “Кеченин саркеч айымы”, “Кеченин саркеч мырзасы” номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, белектер тапшырылды.
“ЭлТР” коомдук телерадио компаниясынын “ЭлFM” радиосунун “Студент FM” программасында өзүнүн интеллектуалдык активдүүлүгүн көрсөтүп, билимдүүлүгү менен айырмаланып I даражадагы диплом менен сыйланган Теология факультетинин 3-курсунун студенти Махмудбек уулу Убайдилланы окуу жай жетекчиси Каныбек Исаков ноутбук, II даражадагы диплом менен сыйланган Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 4-курсунун студенти Жаныш кызы Гүлперини планшет менен сыйлады.
Майрамдык кечени жомок каармандары шаңга бөлөп, ырчы-бийчилердин концерттик программасы коштоду. Студенттерге ректорат жамаатынын атынан куттуктоо сөздөрү, жакшы тилектер айтылды.