Новости

ОшМУнун жамаатынын балдарына «Жаңы жылдык балаты» уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинде профсоюз комитети тарабынан бөбөктөргө арналган «Жаңы жылдык балаты» кечеси уюштурулду.

Жаңы жылдык балатыга университетте эмгектенген окутуучулардын, кызматкерлердин 12 жашка чейинки 200гө жакын балдары катышышты.

Майрамдык кечени ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Абдыганы Абдувалиев, профсоюз комитетинин төрагасынын орун басары Эстебес Рысалиев ачып, жаңы жылдык куттуктоо сөздөрүн айтыштып, балдарга чын ден соолук, жаркын келечек каалашты.

Кеченин жүрүшүндө жомок каармандары, Искусство факультетинин таланттуу студент ырчы-бийчи студенттери ырларды ырдашып, бөбөктөр менен бийлешип майрамды шаңга бөлөдү. Бөбөктөрдү кубандырган кеченин негизги каарманы болгон Аяз ата, Аяз кыз келип, балдардын майрамдык ыр-бийлерине күбө болуп, ар бир балага өзгөчө белектерди тапшырды.

«Балдар биздин келечегибиз, андыктан бүгүн биз жаңы жылдык кечени уюштуруу менен университетте эмгектенип жаткан жамааттын балдарына майрамдык маанай тартуулап жатабыз», -деди профсоюз комитетинин төрагасынын орун басары Эстебес Рысалиев.

Фото: Р.Максытовдуку

12624 15:15 25-12-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|