Новости

ОшМУнун жатаканаларында жаңы жылдык кечелер тартууланууда

Ош мамлекеттик университетинде жаңы жылдык салтка айланган кечелер университеттин №1, №2, №3, №4а жатаканаларында уюштурулду.

Майрамдык салтанатка ОшМУнун ректору, проректорлор, факультеттердин декандары, окутуучулар, жатаканада жашаган студенттер катышышты. Студенттерди 2015-жаңы жыл менен куттуктаган ректор Каныбек Исаков 2014-жыл университет үчүн ийгиликтүү, жемиштүү жылдардан болгондугун, окуу жай өзүнүн данктуу 75 жылдык мааракесин белгилегендигин айтты. Кирип келе жаткан жаңы жыл да ОшМУ үчүн максаттуу жылдардан болоорун белгилеп, алдыдагы пландар менен бөлүшүп кетти. Ошондой эле айланабызда жаңыга багыт алуу, жаңылануу, өзгөрүү болуусу үчүн ар бирибиз өзгөрүүнү өзүбүздөн баштообуз абзел деди. Ар бир жатаканада жаңы жылдык майрамдык кечелер тартууланып, ыр-бийлер аткарылды. Жаңы жыл алдында жыл сайын салтка айланып уюштурулуп келе жаткан сынактар жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды.

«Жылдын мыкты бөлмөсү-2014» конкурсу 3 номинация боюнча аныкталып, анда «Жылдын мыкты бөлмөсү-2014» номинациясынын жеңүүчүлөрү ректорат тарабынан чаң соргуч жана грамота менен сыйланышты. Ошондой эле «Жылдын таза бөлмөсү-2014», «Жылдын жасалгалуу бөлмөсү-2014» номинациясынын ээлерине да үй-тиричилигине керектелүүчү каражаттар тапшырылды. Ал эми «Жылдын мыкты коменданты-2014» номинациясы №2 жатакананын коменданты Мырзахмат Юлдашевге ыйгарылды. Ушул эле сынактардын алкагында ар бир жатаканалардагы старосталар ортосунда жүргөн сынакта мыкты деп аныкталган старосталар да баалуу белектер менен сыйланды.

Жаңы жылдык кечеден соң студенттерге бий кечеси тартууланды. Мындай иш чаралар ар бир жатакана улантылып жаткандыгын ОшМУнун жатаканалар боюнча координатору Жеңиш Элболдуев маалымдады.

13014 16:31 23-12-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|