Новости

«Мамлекеттик тил – ааламдашуу алкагында»

Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде мамлекеттик тил мыйзамынын 25 жылдыгына жана «2014-жыл-Мамлекетти бекемдөө жылына» арналган «Мамлекеттик тил – ааламдашуу алкагында» аттуу конференция өткөрүлдү.

Конференцияга Ош шаарынын вице-мэри Иличбек Эргешов, ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, ОГПИнин ректору Бекмурза Зулуев баштаган жогорку жана орто окуу жайлардын жетекчилери, окутуучулары, студенттер катышышты.

Алгач коноктор уюштуруучулар тарабынан даярдалган мамлекеттик тилге арналган көргөзмө менен таанышты, андан соң ОшМУда ачылып, иштеп келе жаткан мамлекеттик тил, Айтматовтаануу, Манастаануу борборлору, мамлекеттик тилди интерактивдүү жолдор, жаңы технологиялар менен окутууга багытталган кааналары менен таанышып чыгышты.

Жыйынды ачып берүү үчүн сөзгө чыккан ОшМУнун ректору Каныбек Исаков университетте мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында бир топ иш аракеттер алгылыктуу жүрүп жаткандыгына токтолду. Ош шаардык жана Ош облустук мекеме-ишканаларына мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү боюнча акысыз курстар уюштурулуп келе жаткандыгын, мамлекеттик тилибизди окутууда жаңы инновациялык технологияларды пайдалануу, интерактивдүү усулдар менен окутуу багытында кааналар ачылып, билим берилип жаткандыгын, бир топ мамлекеттик тил багытындагы сынактарда окутуучулар, студенттер алдыңкы орундарды камсыз кылып жаткандыгын айтып өттү жана университет өзүнүн алкагынан чыгып, коомго пайда келтире турган иштерди жасоочу мекеме болушу керек экендигин кошумчалады.

Конференциянын жүрүшүндө Ош шаарынын вице-мэри Иличбек Эргешов мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн алдыңкы окутуучуларга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын “Мамлекеттик тил” төш белгисин жана Ардак грамоталарды тапшырды.

Конференциянын жүрүшүндө ф.и.к., доцент Ж.Элчиев “Мамлекеттик тилдеги орфографиянын орду”, ф.и.к., доцент Ф.Алиева “ЖОЖдордо мамлекеттик тилди окутуунун актуалдуу маселелери”, ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, доцент О.Шаимкулов “ОшМУда мамлекеттик тилди жүзөгө ашыруунун абалы жана алдыдагы милдеттери” деген темалардагы баяндамаларын жасашты. Ошондой эле конференция секциялык иштерде улантылды.

Белгилей кетсек, аталган конференция Ош шаардык мэриясы, Ош мамлекеттик университети жана мамлекеттик тил боборунун демилгеси менен уюштурулду.

13248 15:50 23-12-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|