Новости

ОшМУ “Жениш ырларынын” парадын Фейсбук баракчасы жана Ютуб каналында түз эфирде жаңыртты

2020-жылдын 7-майында Ош мамлекеттик университети Улуу Жеништин 75 жылдык мааракесине карата “Жениш ырларынын” парадын эки саатка жакын түз эфирде Фейсбук баракчасы жана Ютуб каналы аркылуу өткөрдү.

Бул онлайн парадга университеттин студенттери тарабынан даярдалган согуш, жениш, тынчтык жөнүндөгү ырлардан, чыгармалардан көркөм окуу, обондуу ырларды ырдоо, чыгармалардан монологдорду аткаруу боюнча тартылган видеолор катышты. Ошондой эле студенттер “Өлбөс полкко” көзү өтүп кеткен чоң аталарынын сүрөттөрүн көрсөтүп, алардын басып өткөн өрнөктүү жолун, согуштагы эрдиктерин айтып, бүгүнкү бейпил жашоо үчүн аларга ыраазычылык билдирип, таазим кылышты.

“Мекен үчүн, бүгүнкү биздин жаркын жашообуз үчүн канчалаган адамдардын каны төгүлгөн, жаны кыйылган. Ал эрдиктердин унутта калуусуна жол бербей, улам кийинки жаштарга жеткирүү биздин негизги атуулдук парзыбыз. Бүгүнкү Жеңиш ырларынын онлайн парадын өткөрүүбүздүн негизги максаты аралыктан болсо да студентерибизге бул Жеништин маанилүүлүгүн сездирүү, андагы жоокерлердин эрдигин даназалоо, тылдагы эмгекчилерибиздин Жениш үчүн салымын баалоо, мекенибизди сүйүп, аны ыйык тутуп коргоого үндөө болуп эсептелинет. Ош мамлекеттик университетинин миссиясында белгиленгендей биз келечекке өз кесиби боюнча компетенттүү кесипкөй жана ошондой эле мекенчил жаштарды тарбиялоону милдет кылабыз. Ошондуктан бул багыттагы иш чараларды токтотпостон бүгүнкү дүйнө жүзүндө болуп жаткан пандемиялык кырдаалда аралыктан байланышуу каражаттары аркылуу мекенчилдикке тарбиялаган иш чараларды үзгүлтүккө учуратпастан өткөрүп жатабыз”, – дейт өз сөзүндө окуу жайдын ректору К.Г. Кожобеков.

Эскерте кетсек, 4-май күнү окуу жайда “Согуш жылдарындагы кыргыз элинин каармандыгы” деген темада онлайн студияда маек өткөрүлүп, ага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, 100 жаштагы Баткен районунун тургуну Ашир Рахматов, Россия Федерациясынын Томск мамлекеттик архитектуралык курулуш университетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты, Кыргызстандын Томск шаары жана областы боюнча ардактуу консулу Абдуманапов Рустам, Кыргыз Улуттук университетинин проректору, филология илимдеринин доктору, профессор Садык Алахан, ОшМУнун чыгыш таануу жана тарых факультетинин деканы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Сабыркул Арстанов катышышып, ютуб каналы аркылуу түз эфирден студенттердин суроолоруна жооп беришкен.

“Жениш ырларынын” парадын #ОшМУ_Жеңиш_парады хештеги аркылуу ОшМУнун Фейсбук баракчасы жана Ютуб каналынан жана https://youtu.be/2CXmw8Hw02w шилтемеси аркылуу көрсөңүздөр болот. Ал эми https://youtu.be/U31A7bLJ6bg шилтемесинен “Жениш ырларынын” парады тууралуу жанылык менен тааныша аласыз.

2484 14:09 08-05-2020

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|