Новости

Кыргыз-Түрк факультетине Кыргыз Улуттук университетинин жана Манас университетинин улук окутуучусу, белгилүү тележурналист Чынар Капарова онлайн конок лекция өттү

Ош мамлекеттик университетинде “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына жана ОшМУнун 80 жылдык маарекесине карата жарыяланган “Онлайн эл аралык, регионалдык видеоконференциялардын жумалыгынын” алкагында Кыргыз-Түрк факультетинде 28-апрелде онлайн конок лекция уюштурулду.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин жана КТУ Манас университетинин коммуникация факультетинин улук окутуучусу, тележурналистикада 20 жылдык стажы бар журналист Чынара Капарова факультеттин PR-менеджер адистигинин студенттери үчүн "Кеп маданияты жана кеп техникасы" деген темада онлайн лекция окуду. Онлайн конок лекция студенттер үчүн кызыктуу жана пайдалуу болду, анткени студенттер кеп маданияты, кеп техникасы боюнча маалыматтарга гана ээ болбостон мыкты устаттан көрсөтмөсүнө ылайык практикалык көнүгүүлөрдү жасашты.

“Ушул семестрге факультетте пландаган конок лекцияларыбыз бар болчу, бирок учурдагы кырдаалга байланыштуу конок лекторлорубуз келе албаса да, биз онлайн түрдө конок лекция уюштурууну баштадык», -деди Зарина Маматжанова.

1807 14:40 29-04-2020

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|