Новости

ОшМУ онлайн видеоконференциялардын сериясын сунуштайт

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына жана ОшМУнун 80 жылдык маарекесине карата 27-апрелден 2-майга чейинки жумалыкты “Онлайн эл аралык, регионалдык видеоконференциялардын жумалыгы” деп жарыялады.

“Онлайн эл аралык, регионалдык видеоконференциялардын жумалыгынын” алкагында ОшМУдагы бардык факультеттер, колледждер жана бөлүмдөрдө онлайн видеоконференциялар уюштурула баштады. Алгачкылардан болуп Назарбаев университетинин профессору, ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү Дүйшөн Шаматовдун катышуусунда илим изилдөөчүлөр үчүн эң зарыл болгон 2 күндүк видеоконференция уюштурулду. Мындай онлайн видеоконференциялар 26-апрелден баштап, май айы ичи да улантылат.

Онлайн эл аралык, регионалдык видеоконференциялар учурдагы кырдаалга байланыштуу аралыктан онлайн билим берип жаткан окутуучуларыбыз, илим изилдөөчүлөрүбүз, билим алып жаткан магистранттарыбыз, студенттерибиз үчүн пайдалуу болот деп ишенебиз. Видеоконференцияларга Кытай, Россия, Казакстан, Түркия, Өзбекстан, ошондой эле өлкөбүздүн бардык аймактарындагы ЖОЖдордун окумуштуулары да кытышып, өз ара мамилени бекемдеп, тажрыйба алмашууга да көпүрө болмокчу.

Төмөндө онлайн видеоконференциялардын сериясын сунуштайбыз.

1827 17:43 28-04-2020

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|