Новости

ОшМУда студенттер арасында аралыктан билим алууну онлайн баалоо башталды

Ош мамлекеттик университети дистанттык технологияларды колдонуу менен аралыктан ишке ашырылып жаткан окутуу процессин натыйжалуу уюштурууну андан ары өнүктүрүү максатында студенттерге сурамжылоо жүргүзүүнү баштады.

Студент “AVN” башкаруу маалымат системасы аркылуу логин, поролу аркылуу кирип, суроолорго жооп бере алат. Жыйынтыктары автоматтык түрдө эсептелет.

Бул “Аралыктан окутууну баалоо” сурамжылоосунун максаты аралыктан ишке ашырылып жаткан окутуу процессинин сапатын жана аралыктан билим берүүдө мугалимдердин билим берүү сапатын балоо, программалык каражаттарды колдонууда жаралган мүчүлүштүктөр боюнча студенттердин ой-пикирин билүү, жаралган маселелерди жою болуп саналат.

Мындай механизм ОшМУда буга чейин да “Окутуучу студенттин көзү менен” деген аталышта ар бир семестрде окуу курстары аяктап, жыйынтыктоочу сессия бүткөндөн кийин ишке ашырылып келген. Мындай сурамжылоо алуу билим алуучу менен байланышты камсыз кылуудагы сапат менеджментинин механизмдеринин бири болуп саналат.

Сурамжылоо төмөнкү шилтеме аркылуу жүрөт: http://opros.oshsu.kg

Ал эми төмөнкү шилтеме аркылуу сурамжылоонун суроолору менен таанышсаныз болот.

1885 10:21 25-04-2020

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|