Новости

Ботбаева Мира Махмутовна (некролог)

2020-жылдын 15-февралында профессор, Кыргыз ССРинин билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер Ботбаева Мира Махмутовна мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Ботбаева Мира Махмутовна 1927-жылы 18-октябрда Жалал-Абад областына караштуу Токтогул районунун Музтөр айылында төрөлгөн.
1956-жылы Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология жана топурак таануу факультетин аяктап, биология-химия мугалими адистигине ээ болгон.
М.Ботбаеванын 40ка жакын эмгектери: монографиялары, окуу китептери жана окуу-методикалык адабияттары, ошондой эле 150дөн ашык илимий макалалары кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн.
Мира Махмутовнанын эмгек жолу 1944-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун каардуу жылдарында Токтогул районундагы Сталин атындагы (кийинчерээк Токтогул Сатылганов атындагы орто мектеп) мектептин 9-классын бүткөндөн кийин башталган.
Чаткал, Ат-Ойнок тоо кыркаларынын, Кетмен-Төбө өрөөнүнүн флорасы жана өсүмдүктүүлүгү боюнча бир нече изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Өзүнүн изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары боюнча илимий макалаларды, монографияларды чыгарган.
1964-жылдан баштап Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетинин деканы болуп иштеген.

1967-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтуна ректор болуп дайындалган. Ош мамлекеттик университетин жетектеп турган учурда үзүрлүү эмгектенип, институттун өсүп-өнүгүүсүнө өз салымын кошкон.

Ош мамлекеттик педагогикалык институттун жетектеп турган 1967-1973-жылдары өзгөчө жаш окумуштуулардын илим изилдөөлөрүнө чоң колдоо көрсөтүлүп, илимий даражалуу окумуштуулардын саны эки эсеге өскөн. Бул жылдар аралыгында 6 жаңы кафедра ачылып, илимдин кандидаттарынын саны өскөн, 3 окуу корпустун курулушу башталган. Аял педагогдордун илим изилдөөсүнө шарттар түзүлгөн.

1973-жылы Фрунзе шаарындагы В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер пединститутуна илим боюнча проректор кызматына которулган. 1993-1999-жылдары ушул окуу жайындагы биология кафедрасын жетектеген.
1985-жылы СССРдин ЖАК тарабынан профессор илимий наамы ыйгарылган. Ал республикадагы Талас жана Жалал-Абад педагогикалык институттарынын кайрадан түптөлүшүнө өзүнүн салымын кошкон.
1990-жылы «Кыргыз ССРинин билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер» наамы ыйгарылган. 2002-жылы «Даңк» медалын алган. Мындан сырткары, түзүмдөр аралык бир нече медалдарынын ээси.
Устат эжекебиздин жаркын элеси Ош мамлекеттик университетинин жалпы жамаатынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Мира Махмутовна эжекенин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең көңүл айтуу менен аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

ОшМУнун ректораты, Кесиптик кошуну, профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер

1935 14:14 18-02-2020

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|