Новости

ОшМУнун окумуштуулары мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн жаны жыл алдында ОшМУнун окутуучу, профессорлору мамлекеттик сыйлыкка татыды.

“Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери” деген ардактуу наамга:

- Ош мамлекеттик университетинин математика жана информациялык технологиялар факультетинин профессору Матиева Гүлбадан;

- ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинин орто кесиптик билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы Байгазиев Кадырберди;

"КРдин эмгек сиңирген артисти" деген ардактуу наамга:

- Искусство факультетинин окутуучусу, белгилүү обончу жана аткаруучу Абдыкерим Ахмедов;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:

- Педагогика, психологоия жана дене тарбия факультетинин окутуучусу Турдалы Оморов сыйланды.

Алган сыйлыгыңыздар кут болсун! Бекем ден-соолук, иштериңиздерге ийгилик каалайбыз! Мындан ары да жаңы бийиктиктерди багынта бериңиздер!

Сыйлык ээлерин ОшМУнун жалпы жамаатынын атынан куттуктайбыз!

1805 08:53 17-01-2020

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|