Новости

Жаңы жылыбыз кут болсун!

Ардактуу агай-эжекелер!

Сүйүктүү студенттер!

Күн айды, ай жылды курап, мезгил кербени сапарын улап, саат жебеси кагылып, кучагына берекени батырып, 2020-жыл кирип келди жаңырып.

Узап кеткен жылда жамаатыбыздын ынтымагы бекемделип,

ой-максаттар топтолду, Ордендүү ОшМУну ийгиликтер коштоду.

Жаңырган жылда биримдикти туу тутуп, дилибизге аруулукту уютуп, жумушубузда жоопкерчиликти сезип, студенттерибизге татыктуу таалим-тарбия берип, окутуучулар билим сапарын кезип, бири-бирибизге ишеним жаралып, жарык нур чачып жашайлы!

Жаңы жылда үй-бүлөңүз эсен, ден соолугуңуз бекем, тилегиңиз изги, жүзүңүздө күлкү, ийгилигиңиз мол, бийиктикке жол болсун!

Ынтымак-ырашкерликте, ОшМУ менен бирге кадамыбыз арымдап, билим берүү сапарында бир түндүккө биригип, жаратмандыкта жаңы мейкиндиктерди чогуу багынталы!

Жаңырган жаңы жылыбыз кут болсун!

Ак тилегим менен,

Кудайберди Кожобеков,

ОшМУнун ректору, доцент

1686 11:45 31-12-2019

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|