Новости

Студенттик “Ректордук бал”

Окуунун алдыңкылары үчүн 25- декабрь күнү Ош шаарындагы “Олигарх” ресторанында ОшМУнун ректорунун балы уюштурулду. Кызыктуу конкурстар, ыр-бий коштогон кечеге окуу жайдын ректору, проректорлору, декандар катышышты.

Кеченин жүрүшүндө «Жылдын мыктылары - 2019» ОшМУнун алдыңкы студенттерин сыйлоо салтанаты орун алып, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков студенттерди куттуктады. ОшМУда жыл сайын салтка айланып уюштурулуп келе жаткан тарбия иштерин стимулдаштыруучу сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

ОшМУнун Кыргыз-Түрк факультетинин 2-курсунун студенти Акылбек уулу Дурусбек “Жылдын мыкты теле алып баруучусу», Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 3-курсунун студенти Камчыбек кызы Надира “Мыкты кабарчы”, Кыргыз-Европа факультетинин 2-курсунун студенти Айдана Аманалиева “Алтын калем”, Киноакадемиянын 3-курсунун студенти Адилет Ибраимов “Жылдын мыкты актеру”, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 3-курсунун студенти Муратбек кызы Нурила “Жылдын мыкты акыны”, Табият таануу жана география факультетинин 2-курсунун студенти Рысбай кызы Даткайым “Жылдын мыкты кыздар кеңеши”, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 2-курсунун студенти Туратбек кызы Айганыш «Жылдын мыкты алып баруучусу», Искусство факультетинин 2-курсунун студенти Рамазан Абдимаматов “Алтын үн”, Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин 4-курсунунун студенти Мирболот уулу Мирсали “Жылдын мыкты студенттик кеңеши”, Юридика факультетинин 2-курсунун студенти Алманбет Мамазаиров “Жылдын мыкты спортчусу”, Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин 3-курсунунун студенти Маржана Аматова “Жылдын мыкты акыйкатчысы”, Индустриалдык-педагогикалык колледжинин 3-курсунун студенти Курсанали уулу Сыймык “Жылдын куйручугу” номинацияларына ээ болушту.

Майрамдык кечени жомок каармандары шаңга бөлөп, ырчы-бийчилердин концерттик программасы коштоду. Студенттерге ректорат жамаатынын атынан куттуктоо сөздөрү жолдонуп, майрамдык белек иретинде ректорат жамааты студенттер менен биргеликте жеңил бий өнөрүн тартуулашты.

Кеченин жүрүшүндө оюндар ойнотулуп башкы белекке ноутбук, 3 уюлдук телефон, үй тиричилигине керектүү каражаттар коюлду.

1776 13:32 29-12-2019

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|