Новости

Кыргыз адабиятынын алптарынын чыгармалары үч тилде жаңырды

12-декабрь –Адабят күнүнө карата Индустриалдык педагогикалык колледжинин тилдер кафедрасы тарабынан “Алыкул, Чыңгыз – куштун эки канатындай” аттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага тилдер дисциплинасы боюнча окутулган бардык колледждин таланттуу студенттери катышты. Иш-чарада акын-жазуучунун чыгармалары анлис, орус, кыргыз тилинде жаңырып, сахналык көрүнүштөр, көркөм окуулар аткарылды. Ошондой эле, иш-чаранын шартында чыгармалардын мазмунуна карай сүрөт тартуу, автордук ырлар, обондуу ырлардын сынагы да өткөрүлдү. Чыгыш таануу жана тарых, Юридика, Конфуций, Табият таануу жана география жана башка факультеттердин колледждердин студенттери бул иш-чарага активдүү катышышты.

Тилдер кафедрасынын башчысы, доцент Бактыгъл Байтикова А.Осмоновдун “Отуз жаш” ырын көркөм окуп, мындай иш-чаралар дагы улана бере тургандыгын, адабият адам жан дүйнөсүнүн рухий байлыгы экенин айтты. Ал эми Чыгыш таануу жана тарых факультетинин деканы Ж.Бөтөнөев, Юридика факультетинин деканынын окуу иштери боюнча орун басары С.Миңбаев катышуучуларга жана иш-чараны өткөргөн кафедрага ыраазчылык билдирди.

Иш-чара Чыгыш таануу жана тарых, Юридика факультетинин чоң актылык залында өткөрүлүп, факультеттин китепканасы тарабынан чоң көргөзмө уюштурулду.

1842 08:59 13-12-2019

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|