Новости

ОшМУнун "Кара-Суу" гимназиясы IT тармагында

ОшМУнун "Кара-Суу" гимназиясында окутулган IT технология ийриминин алкагында гимназиянын окуучу кыздары Osh American corner уюмунун колдоосунда "IT camp for girls" проектиси аркылуу программалоо жана робот жасоо боюнча сабак өтүшүп, сертификаттарга ээ болушту.

"ОшМУнун "Кара-Суу" гимназиясы ачылгандан тарта 8-9-класстарга IT технология ийрими иштеп келет. Аталган проекти менен эки айдан бери кызматташып келебиз. Бүгүнкү иш-чараны гимназиянын информатика жана IT мугалими Султан Камалов уюштурду.

Негизги максаты окуучуларды программалоо жана робот жасоого кызыктыруу болуп саналат", -деп билдирди ОшМУнун "Кара-Суу" гимназиясынын директору Кубанычбек уулу Нурсултан.

1754 13:03 12-12-2019

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|