Новости

Кытайда ОшМУнун окутуучусу «Мыкты жергиликтүү кытай тили окутуучусу» сыйлыгына ээ болду

10-декабрда Кытайдын Чанша шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк Конфуций институттарынын жыл жыйынтыктоочу аземинде Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультетинин кытай тили окутуучусу Маратбек Абдыкулов «Мыкты жергиликтүү кытай тили окутуучусу» сыйлыгына ээ болду.

Дүйнөнүн 160тан ашуун өлкөсүндөгү кытай тили окутуучуларынын арасынан Испания, Россия , Пакистан өлкөлөрүнүн катарында Кыргызстандан бул сыйлыкка ОшМУнун окутуучусу татыктуу болуп олтурат. Абдыкулов Маратбек 2017-жылдан тартып Кыргыз-Кытай факультетинин кытай тили жана кытай таануу кафедрасында окутуучу болуп эмгектенет. Маратбек кытай-кыргыз-орус тилдеринде түзүлгөн HSK 1-5 сөздүгүнүн түзүүчүлөрүнүн бири. Ошондой эле 2017-жылы Кыргызстандын түштүгүндө кытай тилчи окутуучуларынын арасында өткөрүлгөн сынактын женүүчүсү болуп саналат.

1897 20:50 11-12-2019

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|