Новости

“ОшМУнун мыкты окутуучусу - 2019” жана “ОшМУнун мыкты лектору - 2019” конкурстарынын жеңүүчүлөрү Дубайга жолдонмо менен сыйланды

Жылда салтка айланып уюштурулуп келе жаткан “ОшМУнун мыкты окутуучусу - 2019” жана “ОшМУнун мыкты лектору - 2019” конкурстары быйыл 2019-жылы Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесине арналып уюштурулуп, конкурстарынын жеңүүчүлөрү сертификат, диплом, активдүү катышкан окутуучулар ОшМУнун Ардак грамотасы, акчалай сыйлыктары жана баш байге Дубайга жолдонмо менен сыйланышты. Аталган сынак жыл бою уюштурулуп, комиссиянын чечими менен мыктылар тандалып алынган. Конкурс 3 этап менен өтүп, катышуучулардын иши атайын түзүлгөн комиссиянын кароосунда болду. Конкурстун финалдык турун уюштуруп өткөрүү комиссиясынын башында АББСДнын директору, п.и.к., профессор Мейликан Алтыбаева турду.

Конкурстун жыйынтыгында Дүйнөлүк тилдер жана маданияты факультетинин Америка жана котормо таануу кафедрасынын доценти Светлана Алымкулова “ОшМУнун мыкты лектору-2019” сынагында 1-орунду ээлегендиги үчүн сертификат, Дубайга жолдомо менен сыйланды.

Ал эми Эл аралык медицина факультетинин клиникалык дисциплиналар-1 кафедрасынын окутуучусу Асанбек кызы Айпериге “ОшМУнун мыкты окутуучусу-2019” сынагында 1-орунду ээлегендиги үчүн сертификат, Дубайга жолдомо тапшырылды.

“ОшМУнун мыкты лектору-2019” сынагында Чыгыш таануу жана тарых факультетинин жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын профессору, т.и.к. Турдумамат Кадыров 2-орунду ээлегендиги үчүн I даражадагы диплом жана 15 миң сом акча менен сыйлык, Бизнес жана менеджмент факультетинин бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ кафедрасынын доценти, э.и.к. Тимур Исраилов 3-орунду ээлегендиги үчүн II даражадагы диплом жана 10 миң сом акчалай сыйлык, Кыргыз-кытай факультетинин кытай тили жана кытай таануу кафедрасынын окутуучусу Турдукан Абдыкаарова “ОшМУнун мыкты лектору-2019” конкурсунда 4-орунду ээлегендиги үчүн III даражадагы диплом менен сыйланды.

Ал эми “ОшМУнун мыкты окутуучусу-2019” сынагында Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын окутуучусу Элмира Ажиматова 2-орунду ээлегендиги үчүн I даражадагы диплом жана 15 миң сом акча менен сыйлык, Орус филологиясы факультетинин орус тилинин практикалык курсу жана кеп маданияты кафедрасынын окутуучусу Гульмира Имашева 3-орунду ээлегендиги үчүн II даражадагы диплом жана 10 миң сом акчалай сыйлык, Дүйнөлүк тилдер жана маданияты факультетинин Америка жана котормо таануу кафедрасынын башчысы, доцент Гүлзат Аипова 4-орунду ээлегендиги үчүн III даражадагы диплом менен сыйланды.

2219 10:08 14-10-2019

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|