Новости

ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинин жаңы окуу имаратына капсула салынды

Бүгүн, 7-октябрда ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжи үчүн курулуп жаткан заманбап окуу имараттын пайдубалына капсула салынды.

Саамалыкка университеттин профессордук-окутуучулук жамааты катышып, окуу имарат ак жолтой болуп, колледжде билим алып жаткан улан-кыздардын келечеги кең, жолу шыдыр болушун тилек кылышты.
Курулуп жаткан окуу имаратында конференц залдар, окуу залдары, аудиториялар, китепкана жана электрондук, санариптик лабороториялар болот.

Заманбап окуу корпус ОшМУнун ички каражатынын эсебинен курулуп, курулуш ишин бүтөрүү жылдын биринчи кварталына чейин пландалган.

Жаңы имарат Ош шаарындагы Араванский кичи районундагы баштапкы искусство факультети жайгашкан жерге курулат.

Учурда аталган колледжде жалпысынан 1 500 ашуун студенттер 5 багыт боюнча билим алышууда.

Кошумчалай кетсек, учурда Индустриалдык-педагогикалык колледжи “Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” секторду өнүктүрүү программасынын алкагындагы долдоорго кирген. Долбоорго ылайык келечекте аталган Индустриалдык-педагогикалык колледжин эң мыкты колледждин үлгүсүнө айлантуу пландалган.

2370 16:01 07-10-2019

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|