Новости

ОшМУда “Мамлекеттин келечеги – мамлекеттик тилинде” аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция уюштурулду

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» КРдин Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана ОшМУнун 80 жылдыгына арналган “Мамлекеттин келечеги – мамлекеттик тилинде” аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция бүгүн, 18-сентябрда Ош мамлекеттик университетинде өттү.

Конференция КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, Ош шаардык мэриясы, КРдин Өкмөтүнүн Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты менен биргеликте уюштурулган.

Конференцияны ОшМУнун Мамлекеттик тил боюнча проректору Сабыр Арстанов ачып, мамлекеттик тилдин баалуулугу, республиканын жана университеттин алкагында аткарылып жаткан иштер боюнча баянап өттү. Иш чаранын жүрүшүндө ОшМУнун ректорунун м.а., доцент К. Кожобеков, Ош шаарынын вице-мэри А.Топчубаев, КРдин Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын аймактардагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А.Тилекманова, КРдин Өкмөтүнүн Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүм башчысы А.Балтабаевдер куттуктоо сөздөрүн жолдошту.

Пленардык отурумда п.и.д., профессор С.Момуналиев, ф.и.д., профессор К.Зулпукаров, ф.и.д., профессор Ж.Элчиев, т.и.к., доцент А.Мурзакметовдор баяндамаларды жасашты.

Баяндамалардан соң талкуулар жүрүп, малекеттик тилдин улуулугун даңазалаган көркөм окуу, обондуу ырлар жаңырды.

Белгилей кетсек, ОшМУда “2019-жыл – Кыргыз Республикасында региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30 жылдыгына жана ОшМУнун 80 жылдык юбилейине карата ОшМУда мамлекеттик тилдин эки айлыгы жарыяланган.

2311 14:44 18-09-2019

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|