Новости

Теология факультетинин деканы болуп филос.и.д, доцент Зайлабидин Ажимаматов шайланды

ОшМУнун теология факультетин бош декандык кызмат ордуна шайлоо болуп өттү.

Шайлоонун жыйынтыгында жамааттын 100% колдоосу менен "дин таануу" адистиги боюнча философия илиминин доктору, доцент Зайлабидин Ажимаматов декан болуп шайланды.

Буга чейин З. Ажимаматов декандын орун басары, дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын башчысы болуп эмгектенген. Ошондой эле бир канча эл аралык уюмдарда эксперт, жумушчу топтун мүчөсү жана төрагасы болуп да иштеп келген.

Шайлоо комиссиясы беш мүчөдөн туруп, комиссияга ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замир Божонов төрагалык кылды.

Белгилей кетсек, буга чейин Теология факультетин жетектеп келген теология илимдеринин доктору (PhD), доцент Самаган Мырзаибраимов Кыргыз Республикасынын Президенттинин алдындагы “ЫЙМАН” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп дайындалган.

2547 07:43 27-04-2019

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|