Новости

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына ылайык жарык көргөн китептер билим берүү мекемелерине акысыз таркаты

25-апрель ОшМУнун башкы имаратында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, Маданият министрлиги, Билим беръъ жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасында 2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы боюнча “Классикалык изилдөөлөр”, “Окурмандын китеп текчеси”, Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы камтылган сериялар боюнча жарык көргөн китептердин бет ачары болуп өттү.

Аталган иш чара буга чейин Нарын, Ысык-Көл облустарында да уюштурулган. Негизги максатыөлкө аймагын кыргыз тилдүү китептер менен камсыз кылуу, акысыз тарабып берүү менен билимдүү жаштарды тарбиялоого салым кошуу болуп саналат.

Аталган жыйынга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев катышып, китептер менен тааныштырды.

Жыйынга ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Авазбек Асанов, Ош облусу, Ош шаарынан келген мектеп директорлору, мугалимдер катышышты.

Аталган китептер Президенттин Жарлыгынын жана КР Өкмөтүнүн Токтомуна ылайык жүзөгө ашып, 340 аталыштагы 500 нускадан чыккан китептер мектептерге, жогорку окуу жайларына жана китепканаларга Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген тизме менен акысыз таратылды.

“Классикалык изилдөөлөр” сериясында кыргыздын көркөм сөз өнөрү, тарыхы, тили, этнографиясы, этнопедагогикасы, музыка, сүрөт өнөрү, театр жана биология, физика ж.б. илим тармактары боюнча кыргыз тилиндеги изилдөөлөрдүн топтомдору киргизилген. “Окурмандын китеп текчеси” сериясы боюнча жарык көргөн томдуктарга кыргыз профессионал адабиятынын поэзия, проза, драматургия жаатындагы тандалган көркөм чыгармалар киргизилген.

2857 16:13 26-04-2019

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|