Новости

ОшМУда “Эки элдин уулумун" аттуу эскерүү иш чарасы өттү

25-апрель ОшМУнун башкы корпусунда "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер", "Манас" медалынын ээси, "Өзбекстан Республикасынын Билим берүүнүн мыктысы", "Достук" орденинин кавалери, белгилүү акын, котормочу Адашбаев Турсунбай Шакировичтин "ЭКИ ЭЛДИН УУЛУМУН" аттуу эскерүү иш чарасы, илимий-практикалык конференция уюштурулду.

Кечеге Өзбекстан Эл жазуучусу Тахир Хабибилов, Өзбекстан Эл акыны Анвар Абиджанов баштаган акын-жазуучулар, окумуштуулар катышка, Кыргызстандан жазуучулар союзунун Ош шаарындагы төрагасы, акын Турабай Жороев баштаган акын-жазуучулар, чыгармачыл интеллигенция, окутуучулар, студенттер катышышты.

Эскерүү кечесин ОшМУнун ректору Каныбек Исаков ачып берип акын, котормочу Турсунбаев кыргыз адабиятында да, өзбек адабиятында да өзүнүн ордун тапкан акын болгондугун, Т.Касымбековдун "Сынган кылыч" романын, Сооронбай Жусуевдин, Жолон Мамытовдун, Сулайман Рысбаевдин бир топ чыгармаларын өзбек тилине которгон, эки элдин чыгармачылык байланыштарына көпүрө болгон инсан экендигин белгиледи.

Кечеде Т.Адашбаевдин өмүр баяны жана ишмердүүлүгү боюнча документалдык фильм көрсөтүлүп, китеп көргөзмөсү тартууланып, баяндамалар жасалды. Ошондой эле анын чыгармаларынан үзүндүлөр тартууланды.

Белгилей кетсек, СССР Жазуучулар биримдигине 1966-жылы мүчө болгон Турсунбай Адашбаев 1939-жылы 1-январда Кыргызстандын Ала-Бука районундагы Гүлистан айылында туулган. 1963-жылы Ташкен мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. Акын катары туңгуч ыр жыйнагы 1964-жылы "Камалдын алмасы" деген ат менен жарык көрүп, 1972-жылы "Ала-Тоолук боломун" деген китеби кыргыз тилинде басылып чыккан. Ал өзүнүн чыгармачылык жолунда Ташкенттеги совет доорунан бери чыгып келаткан “Дүйнө адабияты” журналына ондогон жылдар бою кыргыздын дөө-шаа жазуучуларынан баштап, азыркы муун өкүлдөрүнүн чыгармаларына чейин которуп, үзгүлтүксүз бастырып турган.

Ал балдарды психологиясын билген, наристелердин дүйнөсүн ачып берген балдар ырлары менен кыргыз адабиятында да, өзбек адабиятында да өзүнүн ордун тапкан акын. Кийинки мезгилде Ташкентте жашап, ал жерде балдар журналынын башкы редактору болуп турган мезгилде да кыргыз адабиятын өзбек окурмандарына жайылтуу боюнча жигердүү иштеди. Касымбековдун "Сынган кылыч" романын, Сооронбай Жусуевдин, Жолон Мамытовдун, Сулайман Рысбаевдин бир топ чыгармаларын өзбек тилине которгон. Кыргыз-өзбек тилдеринде бирдей эркин жазган белгилүү жазуучу, котормочу, мугалим Турсунбай Адашбаев көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак.

3263 13:47 25-04-2019

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|