Новости

ТТГФнын туризм адистигинин кызматкерлери, ишкерлер менен чет өлкөгө чыгышууда.

«Дестинация Ош» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2021-жылдын 23-27-апрелинде Өзбекстандын Андижан, Наманган, Фергана жана Ташкент шаарларында «ИНФОТУР» өткөрүп келишти. Өткөрүлгөн иш-чаранын негизги максаты, Ош шаарынын жана Ош облусунун туристтик аймактарын жана рекреациялык объектилерин рекламолоо болуп саналган. Мында 6 туристтик компаниянын, эки мейманкананын өкүлдөрү жана ОшМУнун ТТжГФнин экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасы бул коомдук бирикмеде мүчө болгондуктан, кафедранын доценти, г.и.к., Э.К.Алайчиев катышып келди. Иш чаранын жүрүшүндө ТТжГФнин ЭГТЭжТ кафедрасындагы “Туризм” багытын даярдоодо (кесиптик орто билим, бакалавр жана магистр) аймактыгы (Өзбекстан үчүн дагы кадрлар даярдалууда: бакалаврдан сырткары, магистратуранын 1-курсунун магистры Норматова Гулжахон Маматкосимовна делегацияны коштоп жүрдү) туризм ишмердүүлүгү менен алектенген ишкана-мекемелердин жумуш алып баруусунда жана өнүктөрүүдөгү адистер менен толуктоого кошуп жаткан салымы белгиленди. Мындан ары дагы адистерди даярдоодогу биргелешип жумуштарды аткаруу боюнча сөз болду.
180 09:20 29-04-2021

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|