Новости

ТТГФда туризм адистигине кесипке багыттоо иштери жүргүзүлүүдө

2020-жылдын 12-мартында факультетибиздин Туризм адистигинде 3-курста окуган (ТМ(б)-1-17 тайпасынын) студенттери Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн Беделбай Амиракулов орто мектебинин 9-11-класстарынын окуучулары менен жолугушуу өткөрүшүп, кесипке багыттоо иштерин жүргүзүп келишти. Жолугушууда, студенттер ОшМУнун ишмердүүлүгү, андагы адистиктер, аткарылып жаткан окуу-усулдук, тарбиялык, маданий-массалык ж.б. иштер тууралуу видео ролик көрсөтүп, Туризм адистигинин окуу-процесси, материалдык-техникалык базалары, практикалар, аткарылып жаткан иштер боюнча айтып беришти жана окуучулардын кызыккан суроолоруна жооп беришти. ОшМУ, ТТГФ жана Туризм адистиктери тууралуу буклеттерди таркатышты. Мындай иш-чаралар облусубуздун башка райондоруна дагы улантылмакчы.
716 12:03 14-03-2020

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|