Новости

Алай районунун география мугалимдери үчүн окутуу

Алай районунун география мугалимдери үчүн окутуу

Кечээ, 2021-жылдын 6-январь күнү, Алай районунун Гүлчө айылында ФГ, КГ жана ТТК кафедрасынын окутуучулары Зулушова А.Т., Абжапарова Д.А., Исакова У.Э., Камчиев У.М. жана лаборант Абдувахид у. А. география мугалимдеринин кышкы сессиялык ишине катышып, усулдук жардам көрсөтүп келишти. Бул иш чара ОшМУнун ректору проф.К.Г. Кожобековго райондук билим берүү бөлүмүнүн кайрылуусунун негизинде, ТТГФтин деканы проф. А.Г.Низамиев тарабынан уюштурулду.

Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында, мектепте география предметин жогорку деңгээлде берүү үчүн төмөнкү маселелер каралды: топографиялык карта менен иштөө, картография маселелери, уюлдук жана маршруттук съемкаларды жүргүзүү, метеостанциянын иштөө тартиби, абанын температурасын, басымын, нымдуулугун ченөө, картанын масштабы, географиялык координаттарды аныктоо, калктын жыштыгын, табигый өсүүнүнү эсептөө, география сабагынан окуучулардын олимпиадасына даярдоо, татаал тапшырмаларды чыгаруу. Кафедранын окутуучулары факультеттеги заманбап геодезиялык электрондук жабдуулар (тахеометр, нивелир) менен иштөөнү көрсөттү. Андан тышкары география предметинин мамлекеттик стандарты, компетенциялар, окутуудагы жаңы технологиялар жөнүндө катышуучулар менен кызуу талкуу болду.

Иш чарага жалпысынан 40 ашуун мугалим катышып, окуу конструктивдүү атмосферада өттү. Мугалимдер көптөгөн суроолорго жооп алышып, мындай иш чаралар келечекте дагы уюштурулуусун суранышты.

556 19:35 07-01-2021

                 

Новости

|< 1 2 3 4 >|