Новости

ТТГФда “Биринчи Матикеевдик окуу” өткөрүлдү

ТТГФда “Биринчи Матикеевдик окуу” өткөрүлдү

Илим изилдөө тармагында изденип, иштеп жаткан илимпоздордун арасынан, өзгөчө география илимине ат көтөргүс салым кошкон агайыбыз география илимдеринин доктору, профессор, нечендеген жаш окумуштуулардын устаты, жол көрсөткүч көсөмү Курманалы Матикеевдин “Биринчи Матикеевдик окуусу” 2019-жылдын 5-декабрында агайдын туулган күнүнө карата алгачкы жолу өткөрдүк, бул саамалык ар жылы улантылмакчы.

Баштаган ишибиздин алгачкы кадамы жаман болгон жок, иш-чаранын ачылышына факультеттеги аттуу-баштуу илимпоздор менен, агайдын тарбиясын алган (илимин кандидаты, докторлору), Кыргызстандын түштүк аймагынын башка ЖОЖдорунда эмгектенип жаткан окуучуларынын келип катышышы, жакшы саамалык болуп эсептелет. Факультетибизде окуп жаткан (География, Туризм) магистерлери алгачкы илимий баяндамаларын жасашты. Келечекте “Матикеевдик окуу” аркылуу агайдын илимге жасаган жаңылыктарына кеңири талдоо жүргүзөбүз, деген жакшы ниеттер, калоо-тилектер айтылды.

695 13:02 17-12-2019

                 

Новости

|< 1 2 3 4 >|