Новости

Кафедранын окутуучулары Академиялык мобилдүүлүк боюнча Өзбекстандагы ЖОЖдордо

Кафедранын окутуучулары Академиялык мобилдүүлүк боюнча Өзбекстандагы ЖОЖдордо Табият таануу жана география факультетинин деканы, г.и.д., профессор А.Г. Низамиевдин демилгеси жана жетектөөсү менен "ФГ, КГ жана КСЕ" кафедрасынын окутуучулары: кафедра башчысы, г.и.к., доцент Шербаева З.Э., улук окутуучу Исакова У.И., "Э,С жана СГ" кафедрасынын окутуучусу Момошева Г.А. Өзбекстан Республикасынын Фергана өрөөнүндөгү жогорку окуу жайларында "Академиялык мобилдүүлүк" программасы боюнча конок лекция-сабак берип, студенттердин, магистрлердин көптөгөн кызыктуу суроолоруна жоопторду берип келишти.

Жумуш сапары 2019-жылдын чын куран айынын 4 жана 5де Анжиян, Кокон, Наманган жана Фергана шаарларын камтып, АндМУ, КМПИ, НамМУ жана ФерМУ окуу жайларындагы окутуучу-профессордук курам менен жолугушуу-баарлашуу, тажрыйба алмашуу, келечекке бирдиктүү кызматташуу жаатында пландарды түзүү менен иштиктүү аяктады.

947 17:31 10-04-2019

                 

Новости

|< 1 2 3 4 >|