Новости

Кара-Кулжа районуна профориентация учуру

Ош мамлекеттик университетинин STEM инновациялык колледжинин окутуучулары Кара-Кулжа районундагы мектептерге барып, ОшМУнун 15-майда өтүлүүчү «Ачык эшик» күнүнө карата профориентациялык иштерин жүргүзүп келишти.

Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл аймагына караштуу 5 мектеп жана Кенеш айыл аймагына караштуу 2 мектеп жалпы 7 мектепке университеттин жана колледждин адистиктери боюнча маалымат STEM инновациялык колледжинин директору жана окутуучулары тарабынан берилип "Бүгүнкү туура тандооң, эртенки жаркын келечегиң" аттуу билим кечеси болуп өттү.

Окуучуларга интеллектуалдулуугун жогорулатуу максатында таймаш уюштурулуп, активдуу катышкан командаларга айыл өкмөт тарабынан грамоталар берилди. Уюштуруучу STEM инновациялык колледжинин директордун окуу иштери боюнча орун басары, Кара-Гуз айыл аймагынын депутаты Сарыков Рысбек Базарбаевич.

Окуучулар өздөрү кызыккан суроолоруна жооп алышып, мындай уюштуруу бул убакытка чейин болбогонун мектеп жамааты билдирип мындан кийин да улантууну сүйлөшүштү.

206 17:01 07-05-2021

                 

Новости

|< 1 >|