Новости

АГИде бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусу өттү

Үстүбүздөгү жылдын 12-май күнү Арашан гуманитардык институту дин таануу факультетинде салтка айланган “Жалпы бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу аземи” болуп өттү. Аземди институтубуздун директору доцент Т.А.Жоробеков ачып, институттун аткарган иш аракеттери, билим берүү жана преспективасы жөнүндө кеңири баяндама жасады. Андан соң директордун орун басары филолог.и.к. Октай Четин, декан С.Ө. Базаркулов куттуктоо сөзгө чыгышты. Кечеде бүтүрүүчүлөр менен институттун келечеги, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу сыяктуу маселелер талкууга алынып, сунуш пикирлер айтылды. Ошондой эле кеченин 2- бөлүгүндө курстар аралык волейбол жана футбол боюнча таймаштар өткөрүлүп, институттун спорт комплексинде бүтүрүүчүлөрдүн балдарына арналып оюн-зоок уюштурулду. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө атайын белектер тартууланды. Аземди бүтүрүүчүлөрдүн атынан координатор Абай Кенжегулов алып барды, уюуштуруу иштерине көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз.
3218 11:53 14-05-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|